www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мэри качан шайланат?

«Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө» Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 6-августтагы токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 26-августка дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдиргендей, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Мыйзамдарга ылайык, шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу.

Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 20-августтан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;

2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арыз;

3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жери көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтары;

4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтер (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү);

5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалым катты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечими;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат;

7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости