www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору Беловодский айылындагы №16 колонияда жазасын өтөп жаткан адам кыйноого кабылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун директору жана кызматкерлери 6-августта №16 колонияны жана №47 түзөтүү мекемесин текшеришкен. Иш сапардын жүрүшүндө тогуз жылга кесилген адам күзөтчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын билдирип, арыз жазган. Арыз ээси 5-августта уктап калып, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калган. Мындан улам 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, камерага сүйрөп кирип, сабаган. Кармалган адамды кара ниет мыйзам бузуучу катары тариздеп, бир айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Ал мындай кордукка чыдабай көкүрөгүн кесип салган. Ал киши күзөтчүлөрдү жоопко тартууну суранган.

Мындан тышкары №47 түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан дагы бир адам Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатып кырсыктаган. Аны Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери соттолгонуна байланыштуу кабыл алуудан баш тарткан. “Тез жардамдын” дарыгерлери акт түзүп, бейтапты Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барышып, ал жерден бейтаптын кесилген жерине медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин бейтап №47 түзөтүү колониясына жеткирилген.

Улуттук борбор абактагы адамдарга медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартууга болбосун белгилейт. Бардык жарандар, республиканын каалаган медициналык мекемесине чукул келип түшкөндө, өз убагында квалификациялуу медициналык кызматтарды алууга укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости