www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинде борбор калаанын райондорунун аталыштарын өзгөртүү сунушталды. Мындай демилгени депутат Таалайбек Усубалиев көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, райондордун аттары эскирген. Райондордун атын өзгөртүүдө улуттук идеологияга басым жасоо зарыл, анткени бул тууралуу өлкө президенти да айткан.

Эл өкүлү жаңы ысымдарды атап, Свердлов – Чыңгыз Айтматовдун же Манастын, Биринчи Май – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов, Октябрь– Байтик Баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленин – Исхак Раззаковдун урматына өзгөртүү керек деп билдирди.

Таалайбек Усубалиев бул маселе бүтүндөй депутаттык корпустан келип түшкөнүн кошумчалап, каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүп, кийинки сессияда кароону мэрияга тапшырууну сунуштады.

Буга чейин министрлер кабинети өлкөнүн айрым айылдарынын жана аймактарынын атын өзгөртүүнү сунуш кылган.

Белгилей кетсек, Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү, аларга баатырлардын атын ыйгаруу же жөн эле кыргызча ысым берүү көп жылдардан бери сунушталып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости