www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаабыз Бишкектин тазалыгы көйгөйлүү маселеге айланган. Бир жагынан “Тазалык” ишканасы тазалап жетише албай атса, экинчи жагынан жарандарыбыздын тазалыкка болгон кайдыгерлиги, тазалык маданиятынын калыптана электиги түйшүк жаратып келет. Мындай пикирин журналист Мирлан Дүйшөнбиев билдирди.

"Бирок Бишкек мэриясы да тазалык маселесинде өз аракетин кылып атат.  Өнүккөн шаарлардагыдай таштандыларды таштоочу жер астындагы контейнердин алгачкысын орнотуптур. Пилоттук долбоор экен. Эгерде ойлогондой, күткөндөгүдөй болсо, келечекте Бишкекте жер үстүндөгү таштанды контейнерлердин баары жер астына түшүрүлгөнү жатат.  

Таштанды чогултуучу контейнерлердин жер астыларында болгону бардык жагынан ыңгайлуу. Шаардын көркүн бузбайт, жаман жыттарды чыгарбайт, жолбун иттерди  чогултпайт ж.б. Эми шаарыбызды таштандылардан арылтуу маселеси элибизден, шаардыктардан  көз каранды. Жер астындагы контейнерлер турганына карабай, дагы эле көрүнгөн жерлерге таштандыларды таштай берүү улана берсе, анда Бишкектин тазалыгына болгон кайдлыгер мамилебизди гана далилдейбиз. Тазалыкты камсыз кылууга даяр эместигибизди көрсөтөбүз. 

Бишкектин тазалыгы “Тазалык” ишканасына эле керек эмес! Ар бирибизге керек. Андыктан ар бирибиз Бишкектин тазалыгына өз үйүбүздөй  кам көрөлү. Таштандыларды жер астындагы контейнерлерге таштап үйрөнөлү", - деди Дүйшөнбиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости