www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүрүшкөн уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган.
Бир катар уурулукка шектелгендер мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары 20 жаштагы К.Б., С.И., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т.А. болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынды. Ал эми шектүү Д.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка калтырылды.
Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.
Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган тобунун мүчөлөрү тарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.
Булак: NazarNews.kg