www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Бишкек шаарында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. аттуу жарандар алдоо жолу менен А.Т. аттуу жергиликтүү тургунду жолугушууга чакырып, андан соң аны белгисиз жакка алып барып, ага күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен.

А.Т.ны Бишкектеги батирлердин биринде 3 күн кармашкан. Шектүүлөр андан 3000 доллар талап кылышкан.

Аталган 3 жаран кармалып, УКМКнын абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости