www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкекжылуулуктармагы” 56 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарындагы “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын эки автоунаасынан белгиленген ченемдерден ашык түтүн чыккандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн алкагында ишкананын автотранспорт каражаттарынын техникалык абалы жана атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынган.

Анын жыйынтыгында эки автоунаадан түтүндүн белгиленген ченемдерден ашык экени аныкталган.

Мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү жактарга жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Последние новости