www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бюллетендерди кол менен саноо: Саат 11:30га карата жыйынтык

Бүгүн, 30-ноябрда саат 11:30га карата 20,25% бюллетень кол менен саналды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2494 шайлоо участогунун ичинен 505 шайлоо участогундагы протоколдор алынган.

505 шайлоо участогундагы жыйынтык:

№1 «АТА МЕКЕН» 3 166 2.74%
№2 «БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» 4 603 3.99%
№3 «АЛЬЯНС» 7 086 6.14%
№4 «ЛЕГАЛАЙЗ» 421 0.36%
№5 «ЫЙМАН НУРУ» 8 373 7.25%
№6 «КҮЧТҮҮ РЕГИОН» 661 0.57%
№7 «БАГЫТ» 1 654 1.43%
№8 «ЫНТЫМАК» 15 376 13.31%
№9 «ИШЕНИМ» 12 915 11.18%
№10 «АЗАТТЫК» 4 733 4.10%
№11 «МЕКЕНЧИЛ ЭЛ» 2 245 1.94%
№12 «КЫРГЫЗСТАН ЖАШЫЛДАР ПАРТИЯСЫ» 544 0.47%
№13 «ЖАШАСЫН КЫРГЫЗСТАН» 525 0.45%
№14 «СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТЫ» 2 791 2.42%
№15 «АРУУЗАТ-ЭЛ КУТУ» 556 0.48%
№16 «ПАТРИОТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ ЕДИНЕНИЯ КЫРГЫЗСТАНА» 1 222 1.06%
№17 «УЛУТТАР БИРИМДИГИ» 1 697 1.47%
№18 «ЭЛ ҮМҮТҮ» 7 972 6.90%
№19 «ОРДО» 570 0.49%
№20 «УЛУУ-ЖУРТ» 825 0.71%
№21 «АТА ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН» 14 771 12.79%
БААРЫНА КАРШЫ 2 464 2.13%

 

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты. Буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган.

Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берип, негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян келбегенин айткан. Мындан улам айрым партиялар нааразы болуп, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости