www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 
Бишкек мэриясы акыркы күндөрү үйүлүп калып жаткан таштандылар тууралуу комментарий берди. Шаардык бийликтин басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө Фейсбукка жазып, бул районду "Эко Проф" жеке компаниясы тазалап жатканын айтты.

"Учурда линияда 5 МАЗ, 2 Газ-53, 2 грейфер, 16 жүктөгүч иштеп жатат. Таштанды чыгаруу күнү түнү, дем алыш күндөрү да жүргүзүлөт", - деди Жамгырчиева. Калган үч райондогу жагдай тууралуу азырынча түшүндүрмө бериле элек, деп “Азаттыкка” билдирген.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылык көп айтыла баштады. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдиришкени менен, жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө чыгарышууда.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу "Тазалык" ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет, деп кошумчалаган “Азаттык”.

Эске сала кетсек, союздан калган саркынды бийликтин “данеги” Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров азырынча шаардыктардын көзүн ачып, бир иштин майнабын чыгара элек. Шаардын куту күндөн-күнгө кетип, баягы адатына салып, Ак үйдүн айланасын шыпыра бергенди улантып жатышат. 
Шаардын көп көчөлөрү кунарып, таштандыга айланды. Экинчи себеп шаар тургундары дагы барган сайын “мумбайлыктарга” окшоп кез келген жерге таштанды ыргытып кете берүүнү адат кылып алышты.

БИЗ КАЙДА БАРАТАБЫЗ?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости