www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров 20-ноябрда Centerra Кумтөр кени мындан ары ага таандык эмес экенин мойнуна алды деп билдирген. Бирок, канадалык компания минкабдын башчысынын сөздөрүн төгүнгө чыгарган. Centerraдагылар «Кумтөр» дагы деле ишкананын туунду компаниясы болуп саналат деп билдиришкен.

Текебаев теледебат учурунда оппонеттеринин бирине жооп берип жатып, «биз “Кумтөрдү мамлекетке өткөрбөй эле басып жатабыз, Centerra Gold Inc. компаниясынын бир дагы акциясын ала алганыбыз жок» деп дагы кошумчалаган. «Биз антип өткөрбөй эле, “Кумтөрдү” жөн эле басып жатабыз. “Гаишник” машинени алып, айып короосуна токтотуп койгондой эле болуп жатат. “Ээси качан келет экен, канча берет экен” деп күтүп олтурабыз», — деген «Ата-Мекен» лидери Текебаев: «Эгер мен туура эмес айтсам, президенттин пресс-кызматы эртең “Текебаев туура эмес айтып жатат” деп чыксын»-деген.

Президент Садыр Жапаров «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Кумтөр» боюнча айткандарына жооп берди. 24-ноябрда теледебат учурунда Текебаев Кыргызстан «кенди мамлекетке өткөрбөй эле басып жатат» деп билдирген болчу. Ошондой эле Текебаев өлкөдө «жеке бийлик, өзүм билем саясий системасы орногонун» айтып Жапаровду сынга алган.

Президент Садыр Жапаров Текебаевдин сөзүнө жооп кылып: ««Кумтөр» 100% мамлекетке өттү, Текебаев алжып калган» деп сынга алды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы чындап эле маек курганын тастыктады. Жапаров Текебаевдин айткандарын сынга алып, «Кумтөр» толугу менен мамлекетке өткөнүн билдирди.

«Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. "Алжып калган" дегеним өзү көрүп турган эле жолду "мына ушул жол туура" деп эле көрүп тура берчү адат бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100% мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер да [Centerra Gold Inc.] моюндашты. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалды. Тигилер тараптан да жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз», — деди президент.

Өмүрбек Текебаев 24-ноябрда КТРКда өткөн теледебаттын жүрүшүндө «Ата Мекен» партиясы учурдагы бийликке оппозиция жана «альтернативдик күч» болгонун билдирген. Анын пикиринде, учурда өлкөдө «жеке бийлик, өзүм билем саясий системасы орногон».

«Биз Садыр Жапаровго оппозициябыз, бирок анын душманы эмеспиз. Кыргызда “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дейт. Бүгүн “сүйдүрүп айткандар” президенттин жанында, чындыкты айткандар душман болуп жарыяланды. Садыр Жапаров саясий оппоненттерине эле эмес, кыштын суугуна үшүгөнүнөн, кымбат баанын азабынан бүгүнкү кырдаалга нааразы болгон жөнөкөй адамдардын баарын өзүнүн душманы деп жарыялады. Бул туура эмес. Президент — Конституциянын, элдин биримдигин гаранты», — деген теледебатта Текебаев.

Анын айтымында, Садыр Жапаров ал тургай 2012-жылы, депутат болуп турган кезинде «Кумтөрдү» улутташтырууну сунуштаган эмес: «Садыр Жапаровдун 2012-жылкы Жогорку Кеңешке сунуштаган токтомун колдосо, Кумтөр ошондо Кыргызстанга өтүп калат эле” деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз, анткени “2003-жылы жана 2009-жылы элге каршы келишимге кол койгон чиновниктер жазалансын” деген сунушубуз ал токтомго кирбей койгон»

Ал эми президент Садыр Жапаровдун жооп берүүсүндө Текебаев 2012-жылы «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүү маселеси көтөрүлгөндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткарып, Жапаровдун демилгесине каршы чыкканын билдирди.

Анын айтымында, Текебаев «Кумтөр» боюнча маселени «Ата Мекен» эмес, Жапаровдун «Ата-Журт» партиясы көтөрүп жатканына нааразы болгон: «2012-жылы мен "Кумтөр мамлекетке өтсүн" деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып "атажуртчулар" ушул маселени көтөрүп чыгат, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт... Кийин добуш берерде "Ата Мекен" фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен», — деп билдирди президент.

Анын айтымында, эгер депутаттар анын демилгесин колдоп бергенде, «8 миллиард АКШ доллары бизде калмак». Анткен менен президент кайсыл акча тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүргөн жок.

«Кыргыздар ичи тарлыктын кесепетинен көтөрүлө албай келебиз. Андан көрө баарыңар, буттан чалбай мага жардам бергиле. Маоралдык эле жардамыңар керек. Азыр мен карапайым калктын гана моралдык жардамын сезип жатам. Анча-мынча саясатчылар каршы чыгып жатасыңар. Тескерисинче, “Кумтөр”, “Мегаком” жана башка эл аралык маселелерде бир муштум болуп колдоп тургула да. Баарыбыз үчүн керек. Кичине бир кемчилик кетсе эле табалап, ураалап калбай. Кыргыз жаранысыңар го акыры», — деп үндөдү Жапаров.

Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Бирок 2021-жылдын майында кыргыз бийлиги канада компаниясын мыйзам бузууга жана экологияга зыян тийгизген деп айыптап, «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизген. Centerra’нын өзүндө кыргыз бийлигинин аракетин кенди басып алуу аракети катары сыпатташкан.

«Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду», — деген Жапаров.

«Биз "Кумтөр" кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону, 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат», — деп түшүндүрүшкөн Centerra’дагылар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости