www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депуттыгына талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузган 305 факты катталды.

Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, жалпы фактылардын 117си бирдиктүү реестрге катталса, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу 37 арыз түшкөн.

"Бардык мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдары тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тишелүү иликтөөлөр жүрүп жатат. Айрым талапкерлер жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында БШКнын чечими боюнча жарыштан четтетилди. Бул шайлоочуларды сатып алуу фактылары кароосуз калбай тургандыгын, мыйзам боюнча катуу чаралар көрүлүп жатканынын көрсөткүчү болуп саналат", - деди штаб башчысы.

Иманкулов штаб мыйзамдарын бузуу фактыларын, анын ичинде административдик ресурсту колдонуунун алдын алууга өзгөчө басым жасалганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости