www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада 70 кишиден COVID-19 аныкталды

Өткөн суткада 70 адамдан коронавирус аныкталып, 109 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 27;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 8.

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 183 140ка жетти. Анын ичинде 177 869 адам дартты жеңген. Бир суткада оору үч адамдын өмүрүн алып, жалпысынан 2 737 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 440, ал эми амбулатордук шартта 557 адам дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 725 адам өттү. Анын ичинен 5 049 киши вакцинанын биринчи дозасын алса, 5 676сы экинчисин сайдырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости