Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат
Саясат  |   |  927

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулат.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу маселелер талкууланат.

 Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями