www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым райондорунда төрт күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 29-ноябрдан 2-декабрга чейин газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, көгүлтүр от эски өткөргүчтөрдөн чыккан газды токтотуу үчүн өчүрүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү аймактарда төрт күн көгүлтүр от жок болот:

Фучик көчөсү, Чоң Чүй каналынын бою, 2-Черепки, Жибек жолу проспектиси.

Ишкана келтирген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости