www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Багы жокко дагы жок” дегендей, 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештерине шайлоо өтөт. Алдыртан эле бай партиялар тытынышып, мандат үчүн өлгөнү калгандай жанталашып баратышат. “Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы”, бактыларынан көрүшөт эмеспи. Маселе башкада.
Учурда ковид кулачын жайып, апаат арааны ачылган кез. Күнүгө жугузгандар эки миңден ашууда, ал эми кыргызчасынан өз алдынча ооруп жүргөндөр он эсеге көп болушу мүмкүн. 11-июлга чейин коронавирус кырдаалды кыйла чыңалтып, өлүмдөрдүн санын арбытып, кыргыз кыйырына бүлүк салчудай...
Дал ушундай абал оорлошуп баратканда жергиликтүү кеңештерге карата шайлоону токтотуп, элдин саламаттыгын сактабайт белек? Бизге баарынан да калкыбыздын саламаттыгы, өмүрү кымбат экенин унуттукпу? Июль айында былтыркыдай көпчүлүк кырыла баштаса, бийликтин акыбалы кантет?
Булак: Азия News гезити