www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда А.М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, шектүү бизнес ачып берем деген шылтоо менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу аркылуу 1 836 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, андан соң изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган А.М. аттуу шектүү кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтому менен айыпталуучуга карата 2026-жылдын 3-июлуна чейин №1 тергөө абагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда шектүүнүн дагы бир ушундай кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Урматтуу жарандар, эгерде сиздер дагы аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган болсоңуздар, төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кабарласаңыз болот:
0 (702) 123-321 же 102.
Тергөө иштери улантылууда.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы