www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Менчикти коргоо, ишкерлер менен инвесторлорду колдоо" жана "Ишкерлерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыктардын аткарылышына ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп берерин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулуктун алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди дагы атаган.

Экономикалык субъектилерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берүүчү чараларды жана чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөнүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Бул үчүн соода жаатындагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү;

Мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү.

"Биз экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Ал эми санариптештирүүнү ар бир жарандын турмушуна таасир этишин камсыздайбыз. Башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери толугу менен автоматташтырылат", — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөп, ал ортодо маалымат мейкиндигинде "ишкерлерге жана инвесторлорго кылмыш иши козголду" деген маалыматтар байма-бай кайталанып, токтобой жатат.

"Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөгөндөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу фактылар жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда. Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар. Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт", — деди Жапаров.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы Финансы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости