www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америка-кытай жаңжалы жаралса, эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына каршы келе турганын билдирди.
«Буга жетүү, ал гана эмес бул багытты көздөй жылуу Кытайдын да, Кошмо Штаттардын да кызыкчылыгына терең карама-каршы келет», – деди ал CBS News телеканалына берген интервьюсунда.
Ошол эле маалда Блинкен соңку жылдары Кытай өз үйүндө өтө репрессивдүү жана чет өлкөдө агрессивдүү аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, бул факт экенин айтты.
Ал АКШ Бээжинди интеллектуалдык менчикти уурдоосу мүмкүн деп кооптонуп жатканын белгиледи. Блинкен Бээжинди «адилетсиз жана согуштук атаандаштыкка» айыптады.
Буга чейин АКШ Кытайды «дүйнөдө америка кызыкчылыгын сактоо» алкагында алар Индия-Тынч океан аймагында аскердик күчтөрүн бекемдей турганын эскерткен.
10-февралда Пентагондо сүйлөп жатып Байден «Индия-Тынч океан чөлкөмүндө жана дүйнөлүк масштабда тынчтыкты жана Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кытай тараптан күчөп бараткан коркунучтарга жооп берүү зарыл», - деп билдирген.
АКШ президенти Америка жумушчуларынын жана өнөр жайларынын кызыкчылыгына карама-каршы келген адилетсиз соода-сатыкка каршы турарын айткан.
Булак: NazarNews.kg