www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияны Украинага жакын аймактан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

1-февралда Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Мамлекеттик департамент маалымат таратып, мамлекеттик катчы дагы бир ирет Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдорун билдирди.

«Ал ошондой эле Украинанын аймагына кирүүнүн арты олуттуу кесепеттерге алып келерин белгилеп, Орусияны дипломатиялык жолго түшүүгө чакырды»,-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский калкты тынчтанууга жана биримдикке чакырып, дүйнө лидерлери Орусиянын кол салуусун болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын айткан.

Зеленский 1-февралда жакынкы үч жылда украин куралдуу күчтөрүнүн санын 100 миңге жеткирүү жана аскерлердин айлыгын көтөрүү тууралуу буйрукка кол койду.

Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремл андай ниети жок экенин билдирүүдө.

Аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон "Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт" деген кепилдик талап кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости