www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Финляндия менен Швеция Түркия менен болгон пикир келишпестиктерди жеңип, НАТОго кошулат деп ишенет. Бул тууралуу Вашингтондо НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында тастыктады.
«НАТО Швеция менен Финляндиянын альянска тез кошулуусу үчүн кеңири жана күчтүү консенсуска ээ. Бул ишке ашат жана биз алдыга жылабыз деп ишенем. Биз процесс тууралуу айтып жатабыз. Ал эми бул процессте союздаштар кооптонуулары болсо, ушундай суроолорду беришет. НАТО муну менен алектенет. Түркия тарабынан көтөрүлгөн суроолор да НАТОнун колдоосу менен финдер жана шведдер тарабынан чечилет. Биз бардык союздаштардын коопсуздук маселелери эске алынышын каалайбыз жана бул албетте Түркияга да тиешелүү»,- деди.
Ал Финляндия жана Швециянын Түркия менен түздөн-түз кызматташып жатканын жана НАТОнун бул аракеттерди колдой турганын айтты.
Булак: NazarNews.kg