www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Айбек Уланов СИЗО-1ге камалды

Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин сүрөтүн жарыялап, аял кишини айыптаган пост жазганы үчүн коомчулуктун айыптоо-сынына кабылган Инстаграм колдонуучу Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды.

Бул тууралуу 5-июнда адвокат Шердор Абдыкапаров маалымдап, блогерге каршы кылмыш иши «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» деген берене менен козголгонун айтты.

Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене (330) боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Уланов, адвокаттын айтымында, Бишкектин тергөө абагына (СИЗО-1) камалды.

Последние новости