www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда милиция кызматкеринин формасын кийген кыз тартылган видео тарагандан кийин Ош шаарында бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Видеодо кыз унаанын капотунда отуруп, милиция кызматкери өзүнүн формасын чечип бергенин айткан. Бул көрүнүш коомчулукта талкуу жаратып, социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди пайда кылды.
Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя фактысы катталып, учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында окуяга тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.
Ошондой эле видеодо тартылган кыз коомчулукка кайрылып, кылган иши үчүн кечирим сураган.