www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ак көңүлдүгү менен Казакстанда эл аралык “Харгос” базарын ачып бердик. Ошентип, “Дордой” базарынын барган сайын өмүрү кыскарып, кыргыздар “чукулушып” олтуруп, оңкобуздан сайылганы турабыз... Эл аралык соода түйүндөрү тынчы жок мамлекет экендигин айтып даңгыраган жолдорун жапты. Билермандар болсо “өлүмүш” болуп, дүйнөлүк кризис деп кутулганы карандай калп. Азыркы президент оор абалда бийликке келди. Эми түбөлүгүбүз түз болуп, блогер Самат Алиевдин “Дордой” базары тууралуу пикирине токтололу.

--Бүгүн керектүү оокат-жабдыктарды алуу үчүн Дордойго барып келдим. Базарда эл көп деле эмес. Баалар кымбаттаптыр. Соодагерлердин маанайлары түшкөн. Электротехника саткан контейнердеги сатуучу менен маектешип калдым.

- "Соода-сатык болбой калды байке. Контейнерди сатып, Кыргызстандан кетейин деген чечимге келдим. Мындан мурун, Бишкектин тегерегинен чыкчу эмес элем, эми алыскы Москвага жөнөймүн го.

- "Бирок, ал жакта деле жашоо оңой эмес да. Азыр бүткүл дүйнө кризиске баткан мезгил да" десем.

- "Кризистен качкан жокмун байке. Үмүтүм өчкөндөн кеткенге мажбур болуп атам. Балдарым башка мамлекетте болсо дагы, туруктуулук эмне экенин билишсин" деп маекти аяктады.

Джунхайдан чыгаар замат "Реформа" партиясынын, "Реформа Бишкектен башталат" аттуу көрнөгү көзгө илинди. Төмөнүрөөк, "эффективный управленец МЭР - Бабур Тольбаев"- деген Ата-Журт Кыргызстандын рекламасы бар экен. Беш мүнөт сайын, - "Эмгек-элдик партия" деп базар үналгысы сайрап атты.

Маршруткадагы бир эже, - "Эмгек бардыр, бирок жумуш жок!" деп күлдүрдү баарыбызды”, - деп базардагы окуяга токтолду.

Бир нече мүнөттөрдөн кийин “Дордой” базарындагы сатуучулардын пикирине токтолобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости