www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы президент Садыр Жапаров 6-августта “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгонун билдирди. Документ президенттин салыкка байланыштуу буга чейин чыгарган жарлыгын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган.

Ага ылайык, Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулат.

Коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөндөр Бишкек жана Ош шаарларында 5%, калган аймактарда 3% салык төлөйт. Сауна жана мончо иштеткендерге салык 5% деп белгиленди. Бул ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Алтын жана күмүш боюнча тоо кендерин казган жана кайра иштеткен ишканалардын кирешелерине салыктын ставкасы эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен жогорулатылды.

Последние новости