www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында 25 жаштагы Айчүрөк Өмүралиева каза болду. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгон деп эсептешсе, күйөөсүнүн жакындары келин өз жанын кыйганын айтышууда.
Маркумдун агасы Акылбек Өмүралиевдин айтымында, Айчүрөк сегиз жылдан бери турмушта болуп, үч баланы тарбиялап келген. Ал карындашы көптөн бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн билдирди.
Анын айтымында, 10-июль күнү Айчүрөк жакындарына үй-бүлөлүк көйгөйлөрү тууралуу айтып, Бишкекке кетүүнү пландап жатканын жана турак жай табууга жардам сураган.
Ошондой эле маркумдун жакындары окуядан кийинки жагдайларды да күмөндүү деп эсептешет. Алардын айтымында, эгер келин өз жанын кыйган болсо, эмне себептен күйөөсүнүн туугандары дароо милиция кызматкерлерин чакырбаганы түшүнүксүз.
Учурда окуя боюнча тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө. Расмий жыйынтык чыга элек.