www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бокоев Кыргызстандын эӊ жакын кошунасы болгон Казакстанда бензиндин баасы бизден 15 сомго айырмалуу арзан экенин айтты. К.Бокоев эӊ жакын кошуна өлкөдө арзан бензин турса, эмне үчүн бензинди башка жактан кымбатка ташып жатабыз деп, Өкмөттүн астына маселени кабыргасынан койду. Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Кенжебек Бокоев кыргыз-казак чек арасындагы айрым көзөмөл- өткөрүү пункттарын ачуу керектигине бир катар жүйөөлөрдү келтирди.

Депутат Кенжебек Бокоев аткаруу бийлигинин жетекчилеринен Талас облусундагы Казакстан менен чектешкен «Тамеки совхозу» жана «Аманбаев» көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу боюнча казак бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды. «Бүгүнкү күндө эч кандай конфликттик кырдаал жок. Аталган пункттар аркылуу эки республиканын коӊшулаш облустары айыл чарба жана мал чарба өнүмдөрү боюнча эзелтен бери алыш-бериш кылып келген. Ал эми облус тургундары болсо карым-катташ үчүн 150 чакырым жолду айланып өтүп, кыйынчылык тартып келишүүдө»,- дейт К.Бокоев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости