www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башка иштерине караганда эшек чуусу менен белгилүү болгон Юруслан Тойчубеков деген эргул бар болчу.

Ал эшек чуусун эптеп жаап, ал окуя унуткарылып бараткан болчу. Кийин ал башка кылмышка күнөөлөнүп Интерпол тарабынан издөөгө алынган. Укук коргоо органдары аны Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп турган учурда коррупциялык иштерге барган деп күнөөлөгөн. Тойчубеков түрктөргө “Элдик лотереяны” ачууда жардам берген. Жөн эле жардам берип койбой, ал компанияны салыктардан да бошотуп салганы белгилүү болгон. Ошондон кийин  “Элдик лотерея” жабылып, өзү дайынсыз болгондуктан 2015-жылы Тойчубековго издөө жарыяланган.

Эми болсо ал Фейсбукта отуруп алып, акылдуусунган постторду жүктөп жаткан чагы. Учурда анын кайсы өлкөдө эмне иш кылып жатканы боюнча кабар жок. Маалымат болуп калса же өзү жооп берип калса окурмандарыбызга кабарлап коебуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости