www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 2019-жылдын 12-16-сентябрь күндөрү Индияда өткөн “күжүрмөн самбо” боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан катышкан жигиттер байгелүү орундарды камсыздашкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери да көкүрөктөрүнө медаль тагып келишкен.  Алардын бири Мурзабаев Эмилбек Жаныбекович 1996-жылы 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Орто-Азия айылында жарык дүйнөгө келген. Аскерден келген соң 2016-жылдын октябрь айында ИИОнун курамына жумушка алынган. Ошол учурдан тартып спорттун "күжүрмөн самбо" түрү менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Тактап айтканда:

  • 2016-жылы Ош шаарындагы мелдеште 68 кг салмакта 2-орун;
  • 2017-жылы Бишкек шаарында ИИМдин атайын кызматтар арасында болгон мелдешинде 68 кг салмакта 1-орунду багындырып "Краповый Берет" наамын алган;
  • 2017-жылы КРнын биринчилигинде 62 кг салмакта 3-орун;
  • 2018-жылы В. Гордеевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште 68 кг салмакта 1-орун;
  • 2019-жылы КРнын биринчилигинде 68 кг салмакта 3 - орун,
  • 2019-жылдын сентябрь айында Индия мамлекетинин Дели шаарында өткөн Азия биринчилигинде 68 кг салмакта 2-орунду багындырган.

Индиядан байгелүү келген “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын дагы бир кызматкери Тайлаков Нурсултан Мусаевич. Ал 1993-жылы 7-сентябрда Ош облусунун Өзгөн райнунда туулган. ИИОго 2014-жылы январда кабыл алынган. Жаштайынан спортко кызыккан Нурсултан 2015-жылдан тарта спорттун “күжүрмөн самбо” түрү менен машыга баштаган. Аны ийгиликке жеткирген бул спорттун түрүнөн Нурбек Самидинов жана Замирбек Раев тарбиялаган.

Буга чейин Кыргызстан биринчилигинде 2-орунду багындырып, Азия оюндарына жолдомо утуп алган. Азияда өз мыктылыгын көргөзгөн Нурсултан ал жактан да байгелүү 2-орунду камсыздап, кыргыз желегин Индияда желбиретип келди.

Бул жигиттер спорттогу жетишкендиктеринен сырткары коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымдарын кошуп келишүүдө. Спортчуларга мындан ары да кыргыз желегин эл аралык мелдештерде желбиретип, ийгиликтерди багындырышын каалайбыз!

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости