www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: «Бакма кыз»

Ошол күнү күн өзгөчө тийип турган май айынын жыйырма беши болчу. Мектепте акыркы коңгуроо болуп, эртеден кечке классташтар менен чогуу жүрдүк. Биздин балдар өтө шайыр болгондуктан, бир үйдө ырдап-бийлеп отурган элек.

Үйгө кайталы деп эшикке чыкканыбызда бир топ эле караңгы кирип калыптыр. Эки-үчтөн бөлүнүп, кыздарды үй-үйлөрүнө жеткирип жөнөдүк. Эми, асманга жылдыз толуп чыкты. Ошол кеч өзгөчө кооз, керемет эле. Жаздын салкын абасында, ай толгон кечинде үйүмө жалгыз кайттым.

Жолдо келе жатсам, бир кыңылдаган үн кулагыма «шак» дей түштү. Акырын абайлап тыңшап, үн кайсыл жактан чыгып жаткандыгын баамдап, жакын бардым. Кичинекей балдардын тепкисинде калганбы же, машинага сүзүлгөнбү ким билсин. Араң жаткан алсыз мышыктын баласын көрүп, боорум ооруп койнума катып алдым.

Үйгө жакындай бергенимде терезе туштан баланын үнү чыкты. Балким киши келсе керек деп ойлодум. Бирок үи үйдүн ичинен эмес, тыштан угулуп жатты. Аңгыча апамдын «кыпкызыл эт бойдон турбайбы. Катыгүн ай, кандай шордуу таштады экен? Кантип колу барды экен?» дегенин уктум.

Атам болсо «Ай бечара, айласы кеткен бирөөнүн кылыгы да» деп шыпшынып жатты. Атам, апам күйпөлөктөп, кичинекей наристени көтөрүп, үйгө киришти. Артынан эле мен кирдим. Койнумдагы мышыкты алып, бурчка кичинекей төрт чарчы көрпөнү салып, анын үстүнө мышыкты жаткырдым. Байкуш, алсыз гана үнүн чыгарат.

Муну каяктан алып келгенсиң? Өлөйүн деп калган го. Сыртка эле чыгарып салсаңчы. Бул араң жан неме таңга жетпей эле өлөт.

- Мейличи апа, жылуу жумшак жата берсинчи. Өлгөндө анын ыргытып саларбыз. Апа, андан көрө ооруксунган жерлерине дары сыйпап койчу.

- Ал мышыктын баласы эмес, бул жакта адамдын баласын кантип багарыма башым катып турат. Алда, катыгүн ай, деп өзүнчө күбүрөнүп кетти.

Ал түнү эч кимибиз уктаган жокпуз. Кичинекей наристе кичине тынч алып уктап калса, биздин да көзүбүз илинип кетет. Ал ыйласа, эмне кылар айлабызды таппай, карбаластап калабыз. Таң атып калганда апам кошуналарга сүт сурап жөнөдү.

Бул учурда айылда калган саан уйлардын саны да аз эле. Көбүнчө мал тоого жеткирилген. Ошентсе да апам бир банка толтура сүт алып келип, кичинекей наристеге берди. Ошентип биз бакма наристелүү болгонубузду бүт айыл билди. Ал эми мышыктын баласын мен дары сыйпап, анча мынча арткан тамак, сүт берип, торолтуп алдым. Тим эле татынакай мышык болуп чыга келди. Анан да оюн-карактыгын айтсаң.

Июндун орто чендеринде ымыркайга ат коюп, азан чакырып жентээк той бердик. Жибек. Жибекти ушунчалык жакшы көрүп, мээрим менен чоңойттук. Ал дагы жыл өткөн сайын кылыгы чыгып, биздин үй-бүлөнү бакытка бөлөп турду. Там-туң басып калгандан баштап, баягы мен алып келген мышык экөө достошуп алды. Жибек кайда болсо мышык жанында. Жибек уктап жатса мышык жанында уктайт.

Мен мектепти аяктап шаарга жөнөгөн жылдары Жибек эки жашка чыккан. Андан бери канчалаган жаркыраган жаз, күркүрөгөн күз, кычыраган кыш өттү. Жибек айылдагы кыздардан айырмаланып өзгөчө сулуу болуп чоңойду. Бакырайган көздөрүнө төгүлгөн кирпиги жарашып, тим эле жакшынакай.

Бакма болсо да карындашымдын тартиптүү, сулуу болуп чоңойгонуна сыймыктанып турсам дагы, суук көздөрдөн коркоор элем. Бойго жеткен, сулуу кызга көз арткандар көп эле. Ошолордун ичинен бирөө 11-классты бүтө элек кезинде эле ала качып кетти. Аракка тоюп алган, көпкөн балдар айылды үч кыдырып анан ак босогону аттаттырышмак экен. Балким, ошол эле замат үйлөрүнө алып барышканда аман калат беле?

Жинди суунун рахатына батып, көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган балдар машинаны тез ылдамдыкта айдап баратышкандыктан кырсыкка кабылышат. Жол боюндагы чоң теректи сүзүп алган машинадан тамтык калбаптыр. Бул окуяны угуп эле үй-бүлөбүз менен жетип бардык. Биз баргыча машина ичиндеги төрт бала биздин Жибекти эбак эле ооруканага жеткиришиптир.

Аттиң дүйнө. Кудай Жибекке акылды да, бойду да, сулуулукту да баарын берип анан өмүрдү бербептир. Жибек үчүн кейибеген адам болгон жок. Баары бир ооздон: «Бечара жакшы кыз эле. Кантип кана кара жерге жатты экен?» деп калышат. Анын кимдин кызы, ким таштаган ал туурасында эч ким билбейт. Жада калса биз өзүбүз билбейбиз. Ар кайсы адамдардын айткандарына караганда кошунабыз Тураттын ошол жылы муунун өлгөн кызынын кызы дешет.

Бирок, мунун чын-бышыгына жеткен деле эч ким жок. Ал эми кайда жүрсө жанында жүргөн, жатса да жанында жаткан, Жибек үч-төрт күн алыска кетсе келгиче күтүп тамак ичпеген мышык дагы жоголду. Так ошол Жибек каза болгон күнү. Мышыкты биз «Муси» деп койчубуз. Анткени Жибек жаңыдан тили чыгып келатканда мышык дегенди айта албай, «муси» деген.

Кызык, Жибек үйгө кирген күнү мышык да табылган. Эми, экөөнүн тең бир күндө жок болушу бизге табышмак. Экөөнүн жаны бир беле деп калабыз. Жибектин каза болушу бизди чоң күйүткө салды. Анткени биз аны абдан жакшы көрчүбүз. Жибектин да, «муси» мышыктын да тагдыры бизге табышмак бойдон кала берди. Андан бери канча мезгил өтсө дагы, аларды эстеп, көздөрүбүзгө жаш алабыз.

Булак: «Азия News» гезити

 

Последние новости