www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: «Кыйылбай келген нике…»

Жыл өткөн сайын адамдын ою, мамилеси, дүйнөгө болгон түшүнүгү өзгөрөөрүн билсем да, ушу Нурдин (элге белгилүү болгондуктан атын өзгөрттүм) байке өзгөрөт деп эч качан ишенчү эмесмин. Көрсө илгери бир абышка жүз жылдан ашып жашаса да, өмүргө тойбой, «көргөндөн көрө элегим көп» деп боздоп ыйлагандыгындай эле бар экен. Анда ошол Нурдин байкенин тагдырын кыскача баян кетсем.
Нурдин байке өз кезегинде университеттерге атеизм боюнча лекция окучу. Ал аз келгенсип үйдө болобу, же коноктобу, айтор ал менен бул темада талашып-тартышкандан тажачу эмес. Өзү ошол идеяга аябай берилип алган адам эле. Анын ошондо оюна карап, семизге берилбеген киши дейин десең, сүйүүнү аябай баалачу. Сүйүүсүн издеп, эч кимге үйлөнбөй жүрө берип, жашы отуздардан өткөндө араң үйлөндү. Баарынан кызыгы, анын аялы да өзүнө окшоп сүйүүсүн издеп турмушка чыкпай жүргөн кыз эле.

Айтор, экөө издешпей табышкан бактылуу жубайлар катары бирге түтүн булата башташты. Адатта бактылуу өмүр билинбей тез өтүп кетет эмеспи. Экөө бири-бирине болгон сүйүүлөрүнүн ысык кумарына чыга албай жүрүшүп эле, арадан он үч жыл өтүп кеткенин байкабай калышат. Ошондо араң алар али балалуу болуша элегин ойлошуп, анын себебин издей башташат. Аялы аты чыккан дарыгерлерге көрүнүп, текшерилишет. Баары сүйлөшүп алышкансып, «денеңиз таза, төрөбөй калууга эч себеп жок» деп айтышат.

Бирок, дагы эле балалуу боло алышпайт. Андайда адамдын оюна жамандык да келип кетет эмеспи. Эми аялы балалуу боло албай жатышкандыгынын себебин күйөөсүнөн көрө баштайт. Ал адегенде аялынын докдурга көрүн дегенинен так секирип чочуса да, акыры Нурдин макул болуп, медициналык кылдат текшерүудөн өтөт.

Ошондо деле анын ден-соолугу таза чыгат. Эми экөөнүн баланы күтүүдөн башка айлалары калбай калат. Канчалык бири-бирин сүйүшсө да, бала деген бала да, кээде анын айынан экөө кийинчерээк урушканга чейин барып калышат. Ал аз келгенсип, ошол жылдары атеизм идеологиясы мурдагыдай университеттерде окулбай калат. Себеби, эгемендүүлүктүн шарапаты менен эл таңууланган идеологиялардан арылышкан эле. Ошол маалдагы бир аз ишсиз калган учур Нурдинди кадыресе чүнчүтүп жиберип, ал акырындап ичкиликке оой баштайт.

Ал тургай кийинчерээк ичкиликсиз жүрө албай калган деңгээлге чейин түшүп кеткен эле. Андай ичип келген үйүнө жаман сөздөрүн агытып, Кудайга сөз тийгизип койгондон да кайра тартчу эмес. Ошентип жүрүп, кыш күндөрү суукта калып ооруга чалдыкты. Түнү бою денесин кара тер басып, таң аткыча жөөлүп чыгат.

Бирок, ошондо да элчилеп келме келтирген жок. Кантсе да, анын аң сезимине атеизм идеологиясы ушунча терең сиңип келген экен. Болбосо Кудайга ишенбейм деген кишилердин ооруп же кырсыкка кабылганда Кудайды оозунан түшүрбөй калганын көп эле көрүп жүрбөйбүзбү.

Анан бир күнү Нурдин жакшы болуп калды дегенинен барсам, дүйнөгө болгон көз карашы түп тамырынан бери өзгөруп калыптыр. Андан да, «айыккандан кийин балалуу болот экем, мага аян берди» деп оозумду ачырбадыбы.

Менин аябай кызыгуум артып, ал кишинин эмне аян алганын өз оозунан угуп калган элем. Көрсө, а киши ооруп жатканда, өлүп тирилген тура. Медицина илиминде «клиникалык өлүм» деп коюшат го, ошоңдой өлүмгө дуушар болуптур.

Анан бир аксакал карыя таягы менен анын жолун тосуп, «сен эмне келдиң? Тур, кайра барып жаша. Сен али үйлөнө да элексиң, ошону билесиңби? Анан кайдан балалуу болмок элең» дептир.

Эртеси оорусунан кичине айыга түшкөн Нурдин тиги аксакалдын эмнени айтканына түшүнө албай баш оорутат.

Ойлоп көрсө, мыйзамдуу жол менен үйлөнгөн. Андыктан ал аксакалдын сөзүн түшүнө албай, аны атасына кеп кылат. Ошондо атасы «алда карангун ай, эсиме жара чыкканын карачы! Үйлөнүү тоюңдан кийин иштеген жериңе билдирбей молдого нике кыйдырып кой» деп айтпай калган турбаймынбы, кап» деп катуу өкүнөт. Кийин атасы молдо алдырып келип, нике кыйдырат. Анан эле жыл айлангандан кийин уулдуу болушту. Ошондогу Нурдиндин, дегеле анын жакшы санаалаштарынын кубангандыктарын сөз менен жеткире айтуу кыйын.

Уулдуу болгондугунун урматына улам-улам арак иче берип, Нурдин мас болуп уктап калат да, ал түнкү түшүндө дагы баякы аксакал баян берет. Бул жолу аксакал асмандан нур болуп куюлуп түшүп, «балам, албетте элдин башын айлантып, Кудай жок деп окуткан негизги күнөө сенден эмес. Анткени, сенин өзүңдүн башың да айланып калыптыр. Мындан ары антпе. Анан алдагынтип акылдан адашканча арак ичпей жүр. Мунун акыры жаман бүтөт, ойлонбой кылган иштериңдин кесепети тийет. Эгер эсиң болсо, эмитеден акылга кел. Болбосо мен сага мындан артык жардам бере албайм» деп, кайрадан нурга кубулуп көтөрүлүп кеткен экен. Эртеси башы сынып кетчүдөй болуп ооруганына карабай Нурдин айылга, атасынын үйүнө жөнөйт.

Барса, атасы анын келээрин билип, жолун утурлап тосуп туруптур. Аны көрүп, Нурдин ого бетер таң калат. Ошондо атасы, «антип таң калба! Мен да аны түшүмдө көрдүм. Тээ жаш кезимде мен да азыркы сендей болуп ичкиликке берилип кеткем. Ошондо да ушул аксакал киши түшүмдө аян берген. Анан мен да сага окшоп атамдан сурасам, ал биздин түпкү аталарыбыздын бири. Дайыма биздин ата-бабаларыбызды колдоп келген деп жооп берген» дейт.

Азыркы кезде Нурдиндин эки уулу, бир кызы бар. Өтө эле динге берилбесе да, Кудайга ишенип, тобо келтирип жүрөт. Көрсө, ар бир адамдын колдоочусу болот тура. Бирок, аурабызды булгап алганда алар бизге жардамга келе албайт экен.

Булак: «Шамбала»

Последние новости