www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров өзү элди паракорчулукка үгүттөп жатабы?

БШК президенттикке талапкерлердин шайлоочуларына кайрымдуулук каражаттарын берүү эрежелери жөнүндө эскертет.

БШК аларга маалымат келип түшкөнүн тактады: колдоочулар президенттикке талапкер Садыр Жапаровго аргымак белек кылышкан. БШКнын жумушчу тобу бул маалыматты текшерүүдө.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Джурабаева шайлоого байланыштуу бардык нерселер шайлоо фонду аркылуу гана өтүшү керектигин эске салат.

«Эгерде кайсы бир жаран өз талапкерин колдогусу келсе, анда ал аны шайлоо фондуна накталай түрдө гана жасап, өзүнүн атын атоосу зарыл. Бул шайлоо фондуларын түзүүдө жана сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана мыйзам бузууларды четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Мен талапкерлерди мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырам», - деди Гүлнара Джурабаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости