www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушунча болуп өмүрүмдө башыма жүн чыкканы мышыктар менен келемиштердин тытышып кармашканын өз көзүм менен көргөн эмесмин. Аларды алыстан кызыга карап отуруп тим эле мультфильм көргөндөй болдум. Дал эле калаанын ортосундагы мекемеде кароолчулук кызматта иштечүмүн. Төрт кабаттуу чоң, бийик мекеме. Ал жакта өкмөт кызматкерлери иштешет. Узун коридору бар дагы, ошол коридордогу тепкичтери менен түптүз жогору карай көтөрүлүп жүрүп отуруп төртүнчү кабатка чыгып кетишет. А мен болсо кирип-чыккандардын документтерин текшерип өткөрүп турам. Кечки саат беш-алтыларда кызматкердин жумуштары бүткөн соң, короонун дарбазасын, кичине эшиктерди бекитип түнү бою ичин күзөтүп чыгам таң атканча.

Кыскасы, бир сутка дежурлук кызматта болом. Ал жакта иштегениме көп эле болду. Ошондо таңкы саат беш-алтыларга чукулдап, таң жаңыдан куланөөк тарта айланага жарык кире баштаган. Коридордогу бийик тепкичтер менен жогору карай чыгып, короо ичине балкондон бир сыйра көз жүгүртүп текшерип жаткам. Биздин мекеменин короосунун сыртында кафе жайгашкан. Ошол кафенин ашканасы дубалга тыкыс жабыша курулуп, үстүндөгү чатырлары мен турган жерден даана көрүнүп турат.

Балкондун терезелерин ачып желдетип айланага көз жүгүртүп тургам. Таң агарып келатканда ушул мезгил мага жакшы көрүнөт. Таңга маал дайыма кандайдыр бир куштар сайрап турушат, эмне куш экенин билбейм. Кулакка жагымдуу угулат. Жагымдуу сезимдер пайда болот. Ошол куштардын сайраганын ырахаттана угуп, айланама көз жүгүртүп тургам. Бир кезде кафенин ашканасынын жалпак кыйгач жабылган шыйпырынын үстүнөн бирин-серин келемиштер көрүнө калып кайра жок болуп кетип жатты. Улам айланага жарык кирген сайын алардын кыймылы дароо байкала баштады. Шыйпырдын ар кайсы тешиктеринен келемиштер улам кирип- чыгып жүрүшкөн. Анан кичинерээк бала келемиштер чыгып бири-бири менен тиштешип, талашып кайра кирип кетип, кайра пайда болуп, алардын кыймылы көбөйө баштады. Чоң, кичине болуп ар түрдүү келемиштер. Мурда бирин-серин эле ары-бери чуркап өтүп көрүнбөй калган келемиштерди көрүп турчумун. Азыр болсо аябай көбөйүп кетиптир.

Жалпак чатырдын үстүнө эч ким барбагандан кийин келемиштер өздөрүнчө ээн-эркин сайрандап ары-бери чуркап жүрүштү. Сыягы, ошол жерде алардын ордосу бар окшойт. Кичинекей бала келемиштер бир нерсе талашып ары-бери жүгүрүп жүрүшкөн. Ощол мезгилде күтүлбөгөн жерден килейген ак караан аралаш, чааралакей мышык пайда болду. Ал бери жакта ойноп жаткан бала келемиштерге акырын жыла жакындап келатты. Сыягы, анын көзүнө кадимки чычкан көрүнсө керек да. Аларга жакындап келип жаңы эле баса калаарда ары жактан чоң кара келемиш пайда болду дагы анын жолун тороду. Анан тескерисинче атырылып мышыкка кол салып кирсе болобу. Албетте, мышыктар аябай шамдагай болушат эмеспи, буйтап кетти дагы жүндөрүн үрпөйтө келемишти баса калды эле, ары жактан дагы бир ошондой чоң келемиш пайда боло мышыктын артына жабышты.

Алдындагы келемишти коё берип артына жабышкан келемишке бурулду. Таң калычтуусу, мышык өзүнөн канчалык чоң болсо да тигилердин качайын деген ниети жок. Кайра тескерисинче мышыктын өзүнө тике качыра кол салып жатышты. Көп өтпөй ары жактан дагы бир келемиш пайда болду дагы экөөнө кошула ал дагы мышыкка атырылып кол салып кирсе болобу. Алардын жоруктарына мен бери жакта кызыга карап турдум. Көп өтпөй дагы бир келемиш шыйпырдын тешигинен чыга келди дагы түз эле мышыкты көздөй атырылып кол салып кирди. Анан дагы тешиктен келемиштер чыга башташты. Бардыгы жабыла мышыкка туш-туштан асылып киришти.

Жүнүн үрпөйткөн чоң чааралекей мышык улам айланчыктап буйтап качып, тигилерден оолак болууга аракет кыла, анан айласы кеткенде ал жерден качып жоголду. Ой тобо, алардын ушунчалык ынтымактуулугуна, анан эч нерседен коркпостон тике качырып чоң мышыкка да кол салып жатышканына таң калдым. "Мындай түрү менен алар балдарын эч кимге жем кылбайт" деп ойлоп койдум ичимден. Ал эми бала келемиштер болсо эч нерсе болбогондой эле мурункудай бири-бири менен жулмалаша ары-бери чуркап ойноп жатышты. Келемиштерди мен таңга жуук дайыма күндө ошол шыйпырдын үстүнөн көрчү болдум. Ал жакка эч ким бара албагандыктан өздөрүнчө сайрандап жүрүштү.

Булак: "Шамбала"

 

Последние новости