www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин президенти Владимир Зеленскийдин Берлинде канцлер Ангела Меркел менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, эки өлкө лидери Минск келишимдерин ишке ашыруу маселесин, орусиячыл жикчилдер ээлеп алган чыгыш Украинадагы кырдаалды талкуулашат.

Ошондой эле «Түндүк агым - 2» газ куурун салуу пландалууда.  Куур Орусиядан жаратылыш газын Балтика деңизинин түбү менен Германияга ташымак. Бирок долбоор АКШнын Москвага каршы жаңы санкцияларына туш болушу ыктымал.

Вашингтон, Украина баштаган кошуна өлкөлөргө каршы экономикалык курал болуп калышы ыктымалдыгын айтса, Москва менен Берлин курулушту таза коммерциялык долбоор катары мүнөздөп жатышат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости