www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Осмонбек Артыкбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу тартип сактоо, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу үчүн түзулгөн атайын комиссия ишин жыйынтыктап жатып, Алмазбек Атабаевдин Бишкек ЖЭБге көмүр алып келүүгө тийешеси бары айтылган. Экс-президент “Прогресс компани” компаниясынын кызыкчылыгын коргогон.
Атамбаевдин катыштыгы бары, ушул маселе менен күнөөлөнүп жаткан мурунку Отун, энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин көрсөтмөсү далил.
Комиссия Алмазбек Атамбаевди оор кылмыштарга күнөөлүү деп таап, укук коргоо органдарына текшерүү керек деген жыйынтыкка келди.
Булак:NazarNews.kg