www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Батукаевдин иши боюнча Атаxанов Атамбаев түздөн-түз тапшырма берип, кримавторитет боштондука чыккан”, деген көрсөтмө берген экен. Мындай пикирин саясый серепчилердин катарын толуктаган Алмазбек Акматалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Ушундан кийин Жогорку Кеңештин колтийбестик боюнча комиссиясы ишин деле жыйынтыктаса болчудай! Экс-президенттин колтийбестиги алынып, тергөө иштери башталышы зарыл. Кечээ эле президенттиктен кеткен Порошенконун үстүнөн 4 кылмыш иши ачылганы кабарланды. Демократиялык, укуктук мамлекеттерде мындай көрүнүш күнүмдүк эле тажырыйбага айланган экен. Мыйзам алдында баары бирдей болушу зарыл! Ар бир аткаминер жоопкерчиликтен эртели-кеч качып кутула албасын билиши абзел. Себеби, кылмыш акыры аныкталып жана жазаланаары анык болуш керек! Биз да ошол татаал жолду башыбыздан кечирип жатабыз. Бул жерде маселе жеке Атамбаевдин тагдырында эмес. Маселе Кыргызстанда айкындык жана акыйкаттык болобу же жокпу?”, - деп кошумчалаган Алмазбек Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg