www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар ортосундагы мушташ Атамбаевдин бийлиги учурунда көнүмүшкө айланган. Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Ата-Журтчулар” менен мушташканы, СДПКчы депутат Мадеминовдун “Ата-Мекенчи” депутат Текебаев менен мушташканы учурунда катуу резонанс туудурган.  Эмки мушташтын башкы каарманы Канат Кедейканович. Кедейкан го бир күн бийликте турганы үчүн тарыхта калган. Канат мырза канатын жайып Токмокто жерди казактарга карматып жиберген, башына күн түшкөндө мэриңди урдум деп дубалдан секире качкан. Бабановдун колтугуна катылып депутат болуп келген соң, фракция жетекчисин ээлеп, Бабановдун өкмөт башчысынан кетүүгө кутум уюштурган. Кийин Атамбаевге жабышып “Кыргызстан” фракциясын жетектеген, айланкөчөк атып Бабановго кайра келген. Элди бири-бирине кайраштырганы үчүн камакка да отуруп чыккан. Өзүнүн туруксуз позициясы бар, кайсы жерде болсо да чоң кызматта отуруп, өзүнүн жеке байлыгын көбөйтүү үчүн жанталашып жүрөт. Ушул адамдын парламенттин чоң трибунасында элди кайраштырып сүйлөгөнү депутат Бакыт Жетигеновдун жети айласын кетирип, жинине тийсе керек. Канат Исаевдин “кашыктап тапкан кадырын, чөмүчтөп чачып” сабап салыптыр деген кеп эл аралап кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости