www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "16 жылдык сүйүү каты"

16 жыл бою калем менен баракта сүйүү жашаганына ишенесизби?

Француз жазуучусу, акын Оноре де Бальзакка сүйүү каттары жаап турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу.

Ошончо каттын ичинен акындын жүрөгүн козгогон каттын ээси Эвелина Ганская эле.

“Бай, сулуу, жаш аял. Картаң жана каардуу күйөөсү бар”. Сураштырган адамдар Бальзакка ушундай жооп беришти. Экөөнүн тагдыр жолу бирикпеши бештен белгилүү эле.

Андыктан алардын сүйүүсү кат менен гана чектелген. 16 жыл бою сүйүү катын жазышкан алар 1833-жылы көрүшүшкөн. “

Жолугушуу кыска, бирок бир өмүр күтүү, жолугушуу бактысына татыктуу болду”,- деп жазат Бальзак.

Эвелина 40 жашка чыкканда күйөөсү каза болот. Мына күткөн эркиндик! Бирок Бальзак Эвелинадан “мени коё бериңиз” деген кыска кат алат. Анткени күйөөсүнүн туугандары Эвелина башка адамга турмушка чыкса, балдарын тартып алышарын, балдары да даражадан айрылышарын эскертишкен.

Ортодон 8 жыл өткөндө махабат кайырчысына айланган Бальзак сүйүктүүсүнө жол тартат. Эвелина бул учурда 48 жашта эле. Анын алдында карыган, көзүнүн нуру өчкөн, оорукчан акын турган. Эвелина Бальзактын бутуна жыгылып, акындын жашоосун тозокко айланткан махабаты үчүн кечирим сурайт.

Оноре де Бальзак 1799-жылы 20-майда Франциянын бакчасы деп аталган Турень провинциясына жакын Туре шаарында туулган. Ата-энеси аны кичинесинен юрист болушу керек дей беришип, акыры Парижде, Вандом колледжинде укук таануу боюнча билим алган. Оноре де Бальзак 1850-жылы дүйнөдөн кайткан.

Саясий көз караш боюнча легитимист болгон Бальзакка Француз агартуучуларынын материализми күчтүү псевдонимдер менен 8 роман жараткан. Анын чыгармачылык иши «Чигирим булгаары» романын жазуу менен башталат. 90 чыгармадан турган «Адам комедиясында» буржуазиялык коомдун саясий экономикалык, моралдык жүрүш-турпатын ачып берген «Гобсек» (1830), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү чыгармаларында жеке адамдын коом менен тарыхтагы ордун, идеалдарын, принциптерин сүрөттөп, түрдүү мүнөздүү классикалык образдардын бүтүндөй бир галареясын түзгөн. Жазуучуну көпчүлүккө тааныткан «Шаундар» аттуу тарыхый чыгармасы болуп калды.

Ушул жылдары жараткан романдары жана повесттери анын кийинки жылдары жазылган жүзгө жакын чыгармалары менен бирдикте «Адамдын тамашасы» аттуу аябагандай зор циклине киргизилген.

Өз мезгилинде Ф. Энгельс Бальзактын бул зор эпопеясы франциялык коомдун жарым кылымга жакын тарыхын үйрөнүүдө экономисттер менен тарыхчыларга бул чыгармалардын пайдалуу экендигин айткан. Россияда А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский жана башкалар Бальзактын улуу чыгармачылык мектебинен өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости