www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,

Революция  жакка салган менин көпүрөм.

Кыргыз эли сага барбай жаңылган,

Жетпей калып бийлик жакка ө өкүнөм.

 

Кайырма:

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

Революция ойлоп күнү-түнү,

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

 

Таанышкыча табышмактуу Революция

Тандап кеттиң дагы башка өлкөнү.

Таба албайм кайрылганда айт чынын

Артык бекен башка жердин көркөмү.

 

Кайырма:

Арбалсаң да бир келерсиң,

Ала-Тоону көргөнү.

Революция деп эркелерсиң

Арбалсам да бир келермин,

Ала-Тоону көргөнү.

 

Кала берем Орусияда сени эстеп,

Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.

Кыргыз жерге Революция эми келбес деп

Көкүрөгүм жалын бүрккөн жанар тоо.

 

Кайырма:

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Революция деп мен түш көрөмүн,

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Булак: Таң сыры, Обону: C. Жумалиевдики

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

 

 

Следующий >

Последние новости