www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы түс акча чакырат?

Чыгыш философиясы боюнча, акча чакыруучу эң мыкты ыкмалардын бири түс терапиясы. Анткени ар бир түстүн өзгөчө энергетикасы бар. Бул көз карашты психологиянын бардык мектептери колдойт жана түс ададмдын түрлүү сезимин ойготуп, дилгирлентип же чочулатып, дүүлүктүрүп же тынчтандырып коюучу күчкө ээ экендигин факт менен далилдешет.

Фэн-шуй боюнча акча чакыруучу түстөр кызыл, көгүш, кызыл сары. Кызыл түс үйдөгү Ци энергиясынын айлануусунун жакшыртат. Ошондуктан кызылга басым жасалат.

1.Үйгө кирген эшиктин жогору жагына кызыл тесме байлап коюңуз. Кире бериштеги эшиктен терезеге, төрдөгү дубалга чейинки жол башкы деп аталат, дал ушул сызык менен үйдүн энергиясы айланып турат. Кызыл тесме сиздин үйгө ийгилик, байлык чакырат.

2.Кийимдин түсү, Кызыл түс нерв системасын дүүлүктүрүп, адамдагы атаандаштык сезимин ойготот. Дал ушундай мүмкүнчүлүгү үчүн өндүрүүчүлөр жарнамага кызыл түстү көбүрөөк пайдаланышат экен. Кызылга теңдеш эле көгүш түс да маанилүү, ал эске тутууну, ой жүгүртүүнү жакшыртат жана сезүү-туюу, кабыл алууну күчтөндүрөт. Бул түс көбүнчө акыл эмгеги менен иштегендерге, карьералык өсүү жолунда жеңилбестерге жарашат. Мындан сыртйкары көгүш түстөр уникалдуу ойлорду, идеяларды жаратууга жана кыйын долбоордо туура чечим кабыл алууга көмөктөш болот.

3.Кызыл түстөгү тумар таштарды колдонуу. Фэн-шуйдун акылмандары ишендиришкендей, кызыл яшма, рубин, гранат ээсине канчалык жакын болсо ошончолук финансылык киреше алып келет. Эгер сиз үйдөн көп чыкпай турган болсоңуз, тумар таштарды кире бериште күзгүгө жакын кармаңыз. Ошондой эле күзгүдө кызыл кытай монеталары, тыйын тиштеген ташбака, териси түркүн түскө кубулган ажыдаар болсо. Ал эми көгүш түс интерьердин түсү болсун. Көбүнчө конок бөлмө менен уктоочу бөлмөгө жарашат эмеспи. Андагы тынчтандыруучу касиет дал ушул жайда керек, тынч отуруп чечим кабыл алып, тынч уктап эс алып дегендей....

Булак: Шамбала

 

Последние новости