www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бойдок болгондуктан көптөн бери бирөө менен жатканды аябай каалап жүргөм. Көчөдөн кыз-келиндерди көрсөм эле чыдай албай дүүлүгүп кетчүмүн.

Бир күнү жумушта иштеп жүргөн учурда тишим ооруп чыдатпаганынан биз иштеген жерден анча алыс эмес дарыканалардын бирине кирип калдым.

Дарыканага киргенде эле татынакай келинди көрүп тишимдин ооруганын унутуп жүрөгүм кадимкидей туйлап кетсе болобу. Ошондо өзүмдү бекем кармап таанышканга аракет кылсам тиги келин эмнегедир каршы болбоду.

-Алтынай деп колун сунганда үнүмдү араң чыгарып: 

-Жээнбек деп айтканга эптеп жарадым. 

Дарыкананын ичинде соода кылганы келген бир топ адамдар болгондуктан экөөбүз телефондорубуздун номерлерин жазып алып айла жок коштоштук. Үч күндөн кийин кечинде Алтынайдын дарыканасына бардым. Экөөбүз эски тааныштардай сүйлөшүп отуруп эле бир убакта эротикалык темаларга өтүп кеттик. 

-Жээнбек, сен бир түндө канча жолкуга жарайсың?-деп эмнегедир мага кызыккансып сураганда эч тартынбай:

-Меники улам эле козголо берет,-десем каткырып: 

-Анда сени текшерип көрүш керек экен. Балким жөн эле тамашалап жаткандырсың,-деди күчүмдү байкагысы келип жатканын билдиргенсип. 

-Эми аны өзүң практика жүзүндө көрөсүң да. А мен канча айтканым менен сен баары бир ишенбейт болушуң керек. Сен андан көрө мага жумуртка кууруп берсең жакшы болмок. Себеби жумуртка жегенден кийин “жумуш” жасашым керек да. Буга кандай дейсиң, - деп ажыкыстансам күлкүсүн тыя албай: 

-Сен кайдагы балээнин баарын билесиң го. Кой бүгүн дарыкананы эртерээк жаппасам болбой калды. Эртеден бери сүйлөшүп олтуруп мен деле дүүлүгүп калдым. Убакыттын тез өткөнүн карабайсыңбы. Билинбей эле түнкү саат 12 болуп калыптыр,-деп ордунан туруп дарыкананын сырткы эшигин ичинен бекитти. Анан чай коюп жумуртка кууруй баштады. 

Жумуртка даяр болгондо экөөбүз жанталашып тамактанып, андан соң дароо ишке киришмей болдук. Даараткана да ырас дарыкананын ичинде экен. Жеңилденип алган соң ал жердеги уктап эс ала турган чакан бөлмөнүн жарыгын өчүрүп, эстен тана өбүшкөнүбүздө ары-бери туйлап, буттарын эки жакка керип жибергенде үстүнөн басып жыгылдым. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин көптөн бери эркек менен болбосо керек. Кыңшылап мени менен тең жарышып иштеп жатты. Буга чейин мынчалык ырахат алып көргөн эмесмин. Алтынай иш аяктап калганда эмнегедир башкача үн чыгарып жиберди. Бир маалда эсине келип: 

-Жаным сен төшөктө укмуш турбайсыңбы. Эгер туура көрсөң мага үйлөнүп алчы. Мен сенин оюңдагыдай аял болуп берем. Эми сени эч качан колумдан чыгарбайм, - деп меникин кармаганда кайра даяр болуп калды. Экинчи жолу болгонубузда Алтынайдын арт жагынан айкалышып эсинен кеткис кылып кумарга батырдым. Ошол түнү ага таң аткыча уйку берген жокмун. Азыр каалаган учурунда мени атайын чакырып алат. Мен дагы андай учурду чыдамсыздык менен күтөм... 

А. ШАКИРОВ 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости