www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулпурган чач ар бир аялдын сыймыгы. Бузулган аба ырайы, стресс, экологиялык жактан таза эмес азыктар, туура эмес жашоо образы чачтын өсүүсүн жайлатып, тамырын алсыздандырат. Замандын талабына жараша учурда мезотерапия ыкмасы жакшы өнүгүүдө.

Бул терапия кандай жасаларын борбордогу “Асем bеаuty” сулуулук салонунун дарыгер-косметологу Айтунук Оморова айтып берди.

--Айтунук, сулуулуктагы мезотерапия ыкмасы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз? 

--Мезотерапия — бул хирургиялык эмес, косметикалык процедура. Адамдын жашоо образы, ар кандай илдеттерден улам организмде кан айлануу процесси бузулат. Мындан улам чачтын тамырына жетиштүү витаминдер жетпей калат. Ошондо чачтын тамыры уктап, убакыттын өтүшү менен такыр өлүп калат. Мезотерапиянын негизги милдети – уктап жаткан тамырларды ойготуп, азыктандырып чачты өстүрүү. Биз алгач келген адамдын чачын көрөбүз. Кайсы жеринде чачы суюк болсо, ошол жерин дарылайбыз. Айрымдардын төбөсүндө, кээ биринин желкесинде чач түшүп калат. Атайын 50 граммдык кутуда пайдалуу микроэлементтер, витаминдер куюлган дары болот. Аны чет өлкөдөн буйрутма менен алдырабыз, дайыма муздак температурада сакталып туруусу керек.

Чачты атайын суюктук менен тазалап сүртүп алабыз дагы, тарам-тарам кылып бөлүп алып дарыны 4 миллиметрлик ичке ийне менен баштын терисине саябыз. Витамин менен пайдалуу микроэлемент чачтын тамырына түз жетип, азыктанып ойгоно баштайт. Эгер биз чачка керектүү витаминдерди иче турган болсок ал бүт организмди айланып, чачтын тамырына баргыча узак убакытты алат жана аз эле пайызы барат. Ал эми бул терапияда чачтын тамыры түздөн-түз азыктанат. Баштын терисинде кан айлануу процесси жакшырып, мунун эсебинен чачтын майланышуусу токтойт, кургабайт, какачтан арылат, уктап жаткан тамырлар ойгонуп чач коюлат.

--Чач такыр түшүп калган учурда деле жардам береби?

--Эгер генинде таздык болсо, чачтын тамыры өлүп калып 5-9 жылга чейин жүрө берсе, процедура жардам бербеши мүмкүн. Биз биринчи келгенде эле баарын аныктап алып, ошого жараша дарылоо жүргүзөбүз. Кеминде 5 сеанс алуу керек. Ошондо чач коюлуп, баштапкы калыбына келет. Ар бир терапия 3 миң сом турат. Бир сеанс 30-40 мүнөт убакытты алат.

--Мезотерапия учурунда кандайдыр бир эрежелерди сактоо керекпи?

--Биз ар бир кардар менен кылдат иштешебиз. Бир эле терапия жардам бербейт. Кошумча витаминдерди жазып беребиз, биз айткан шампундар менен жуушу керек. Фен, үтүктөрдү колдонууда жылуу температураны карманышы зарыл. 2 күн күн нуруна чыгууга болбойт, баш кийим кийүүсү керек. 8-10 саатка чейин душка түшпөө керек. Мончо, саунаны эки күн токтото турган оң. Спирт ичимдиктерин колдонбоо керек. Дагы башка көрсөтмөлөрдү ар бир кардардын ден соолугунун өзгөчөлүгүн эске алып айтабыз. Кээ бири биз айткан эрежелерди сактабайт, анан мезотерапия жардам берген жок дешет. Биз айткандарды аткарса сөзсүз жардам берет. Ал эми чач ошол бойдон кулпуруп сакталуусу үчүн курс бүткөндөн кийин айына бир ирет терапия алып турганы оң.

Кимдерге кылганга болбойт?

--Аллергиясы барларга. Негизи, дары баш териден мурда колго сайылып кардарда аллергия барбы же жокпу дыкат текшерүүсү керек. Вирустук инфекциясы барларга, онкологиялык ооруга кабылгандарга, башына ысык чыгып ириңге айланган учурда сайылбайт. Айыз келип аткан учурда, кош бойлууларга бул процедура болбойт. Себеби ийне баш териге киргенде жатын жыйрылып бойдон козголуусу мүмкүн.

--Кардар процедура учурунда эмнелерге көңүл буруусу керек?

--Биринчи кезекте косметолог-дарыгердин иш тажрыйбасына, анын сөзсүз медициналык билими болушу зарыл. Сая турган дарынын лицензиясы болушу керек. Дары чет мамлекеттен көптөгөн текшерүүлөрдөн өтүп, муздаткычта гана сакталуусу керек. Айрымдар мыйзамсыз келген арзан дарыларды колдонуусу мүмкүн, андан жакшы жыйынтык болбойт. Ийне кардардын көзүнчө ачылып, процедура бүткөндөн кийин ыргытылуусу керек. Плазматерапия деген да бар экен.

--Ал кандай ыкма?

--Адамдын канында көптөгөн пайдалуу заттар бар. Ферменттер, глюкоза, аминокычкылдыгы, микроэлементтерге бай. Плазма терапия ыкмасы – адамдын кан тамырынан өлчөмү менен кан алып, аны аппаратка салып фильтрлеп тазалайт. Мындайча айтканда, кандагы жалаң пайдалуу заттарды чыпкалап чогултуп алат. Ал канды кайра ийненин жардамы менен баштын терисине саят. Ошондо баштын терисинде зат алмашуу процесси жакшырат, уктап жаткан чачтын тамыры ойгонот да, жакшы жыйынтык болот. Бирок бул ыкманы медициналык билими бар адис атайын шарттары түзүлгөн жайда гана жасай алат. Көпчүлүк сулуулук салонунда бул ыкма жасалбайт.

Адистен кеңеш

Чачты үй шартында кантип кулпуртабыз?

Кастор майы

Чач түшкөндө бул май жакшы жардам берет. Аны колдонор алдында суунун буусуна жылытып алабыз. Май өтө ысып кетсе, анын пайдалуулугу жоголот, андыктан жылытуу гана керек. Жылуу майды чачтын тамырына чейин сүйкөп, бир саатка чейин кармап туруу керек. Май баштын терисине сиңгенден кийин жылуу суу менен жакшылап жууп коюу керек. Бул ыкманы жумасына 2-3 ирет кайталаганда чачтын түшүүсү токтойт.

Репей майы

Чачтын чың, көрктүү болушуна репей майынын жардамы чоң. Ар бир чачты жуурдун алдында репей майын чачтын тамырына чейин сүйкөп, сүлгү менен чачты 30-40 мүнөт ороп туруу керек. Бул ыкманы жумасына эки жолу жасаганыңыз жетиштүү.

Сабиз маскасы Ашыкча майлуу чачтарга жакшы таасир берет. Ал үчүн сабизди кыргычтан өткөрүп аласыз. Марлиге салып ширесин сыгып алуу керек. Ширени чачтын түбүнө сүртүп эки үч саатка коюп туруу керек. Андан кийин жылуу суу менен жууп салса болот. Масканы аптасына эки жолу жасаган жетиштүү. Сабиздин ширесиндеги пайдалуу витаминдер чачтын тамырын, андагы кан айлануу процессин жакшыртат.

Ал эми чачты жуурда төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

1. Лимондун кабыгын 1 литр сууга кайнатып, чачты чайкаса какачтан бат арылууга болот.

2. Чачты жууй турган сууну да туура даярдоо керек. Чачыңыз канчалык майлуу болсо, ошончолук суу салкын болгону оң. Ысык сууга жуулган чач эки эсе бат майланышат. Сууну кайнатып, андан кийин муздатып жууган туура. Ошондо сууда хлор жок болот.

3. Чачты жуугандан кийин суу кезинде тараган болбойт. Анда мурдагыдан да көбүрөөк түшүүсү мүмкүн. Андыктан бир аз кургатып алган соң кыска чачты түбүнөн, узун чачты учунан баштап тараш керек.

4. Чачты күндө кечинде жыгач тарак менен 5-10 мүнөт тарап массаж жасоо керек. Ошондо чачтын түбүндөгү май узундугуна жайылат. Эгер бул ыкманы күндө жасасаңыз какачтын алдын алууга, чачтын тез майланышуусун токтотууга болот.

Анара Дүйшөналиева

Булак: Леди.kg

Последние новости