www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев токой чарба тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Төмөндө куттуктоо текстти келтиребиз:
«Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын ниетимден куттуктайм! Кыргыз жери – табиятынын айтып бүткүс, суктандырган, кайталангыс сулуулугу менен белгилүү.
Бийик тоолуу жаратылышы Кыргыз Республикасынын негизги байлыгы, аны сактоодо токой чарба тармагынын кызматкерлеринин эмгеги чоң.
Токойлорду коргоо – климаттын өзгөрүү шарттарына байланыштуу биотүрдүүлүктү сактоонун кепилдиги жана табигый кырсыктардын алдын алуу болуп саналат. Ошондуктан токой экосистемаларын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо токой чарбасы адистеринин башкы милдеттеринин бири.
Республикабыздын токой чарбасында токой ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө, аларды сарамжалдуу пайдаланууга чындап жан үрөгөн адистердин иштээрин белгилөө өзгөчө жагымдуу.
Алар бардык кыйынчылыктарга, аба-ырайынын катаал шарттарына карабастан, токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден, өрт кырсыгынан сактоодо, калыбына келтирүүдө, токой ресурстарын көбөйтүүдө ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматты аркалап келишет. Сиздердин эмгекке болгон энтузиазм, жаратылышка болгон ак ниет мамилеңиздер, компетенттүүлүгүңүздөр мындан ары да токой тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошууга түрткү берерине ишенем.
Бул тармакта эмгектенген ар бир ардагерге жана кызматкерге чын жүрөктөн бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм!
Биздин Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган ишиңиздерди жаңы ийгиликтер коштосун!»
Булак: NazarNews.kg