www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төмөндөгүдөй окуя турмушубузда көп кездешет. Биздин күндөлүк жашообузда ата-бабадан бери келе жаткан ар кандай ырым-жырымдар көп. Биз аларга анча деле маани бербей өзүбүздүн күнүмдүк турмушубуз менен алектенип жашап келебиз. Көптү көргөн карыган кишилер ушундай сөздөрдү көп айтышат:
"Караңгыда чач-тырмагыңды алба", "Күл менен ойнобо ага даарат ушатып", "Шамадга карап түкүрбө", "Идиш-аякты кир бойдон калтырба, дайыма үстүн жаап жүр". Чындыгында мунун баары илгертеден бери ата-бабабыздын жашоо-тиричилигиндеги бай тажрыйбаларынан улам пайда болгондугун бардыгыбыз эле биле бербесек керек. Кээ бир карыларыбыз биздин терс жорук-жосундарыбызды көрүп "ай балам, ай ушул жаман адатыңды тыштап, караңгыда кир жуубай жүрсөң боло, караңгыда кирдин суусун төкпөйт" деп наалып калганын кулагыбыз чалса да "ай ушунун азабы өттү, карыганда тынч эле олтура бербеиби" деп ичибизден жаман көрүп калабыз. Алар мындай сөздөрдү жөндөн-жөн эле айта беришпейт да, бир нерсеге таянып айтышат. Бул окуя мындан көп жыл мурун Жумгал өрөөнүндө болуп өткөн. Окуянын каарманы Анаркул бул өмүрдөн кош айтышып кеткенине аз эле жыл болду. Кичинекей айылдын эли аны "жинди, келесоо Анаркул" дешип ага аянычтуу карашып, өзгөчө боор толгоо менен баш-кача бир көз карашта мамиле жасашаар эле. Ал эми биз, кичинекей балдар, аны мазактап, шылдыңдап, таш менен ургулап тийишип кээде айласын кетирчүбүз. Мунубузду көрүп калган ата-энебиз, кээ бир улуу кишилер.
"Кой тийбегиле, ал да бир кезде силер сыяктуу акыл-эси таза жан оолгон. Шайтан даарып кеткен соң гана ушундай эсинен ажырап оорулуу болуп калбадыбы. Анын эч кимге зыяны жок, жөндөн жөн тийишпегиле" деп бизди тыйып коёр эле. Бардык нерсеге түшүнүп, бирок өз оюн толук жеткире албай, сүйлөгөн сөзүнүн баш-аягы жок адамдын тарыхын мен кийинчерээк бир жолу кулагым чалып калды...
Анаркул ата-эненин жалгыз уулу оолуп төрөлдү. Анда эже-карындаш да, ага-ини да жок болчу. "Энеден жалгыз туума" Анаркулду ата-энеси көзүн карап чоңойтуп жатышкан. Кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип, үстүнө үйрүлүп, болгон тапкан-ташыганын ага арнашат. Ата-эненин мындай эркелетүүсүнө көпкөн ал тежик, өжөр болуп чоңоюп жатты.
Айтканы айткандай, дегени дегендей болуп турчу. Бир күнү жинине тийип, үи ичин улам чаңдата берген соң, атасы аны тилдеп катуу сабап койду. Тоо арасындагы сарайда мал кармашчу. Өмүрү ата-энесинен мындай ыза-кордук көрбөгөн Анаркул таарынып, үйүнөн качып чыгат. Өпкө-өпкөсүнө батпай солуктаган бойдон, үйдөн чыгып ээн талаага кетип калат. "Бир учурда келээр" деген кыязда атасы да тим болуп үйдө кала берет. Бул учурда анын жашы онду чамалап акыл-эси таза, бардыгын билип-түшүнүп калган. Атасына таарына ээн талаага барып ыйы басылып, эски журттагы үйүлгөн-төгүлгөн күл үстүндө чарчаганча ойнойт. Курсагы ачып, үйүнө баргысы келет. Бирок өжөрлүгү, эркелиги күчөп "мейли өзүлөрү издеп келсин" деген кыязда ойноп отура берет да, бир оокумда күлдүн үстүндө уктап калат.
Кеч кирип уулунун кечиккенинен кабатырланган ата атын минип, сарайдан чыгып уулун издеп жөнөйт. Эски журттагы күлдүн үстүндө уктап жатканын алыстан эле көрөт да ичинен сүйүнүп кетет. Барып ойготоюн деп жакындап баратканда, кайдан-жайдандыр күлдүн үстүндө куюн пайда болуп сапырыла түшөт. Санаасы чыдабаган ата:
-Уулум! - деп кыйкыра атын темине жөнөйт. Заматта куюн жок болуп, ойгонуп ордунан элтеңдей турган уулу "Апа" деп бакырган боидон ээн талаага бет алды элире жүгүрүптүр. Атчан ата эптеп уулун камап атына өңөрүп үйүнө кайтыптыр. Бирок коркуп ойгонгон Анаркул акыл-эсинен ажырап бардыгын тааныбай жин ооруга чалдыгат. Уулунун дартынан чочулаган ата-эне көп жерге, доктурларга, эмчи-домчуларга, бакшыларга көрсөттү. Бирок эч кимиси Анаркулдун дартын аныктап бере албады. Акыл-эсинен айныган анын абалы ата-энесинин зээнин кейитип жатты. Колдон келишинче бардык мүмкүнчүлүгун жасашып жатты. Элдин айтымындагы болгон күчтүү молдолорго алып барып жатышты. "Тээ Жумгалда бир чоң молдо бар" деген сөздү угушуп, ага уулун алып, ата-энеси жөнөп калышат. Баланы алгач эле көргөн молдо "Аттиң, кеч болуп калган тура. Силерге таарынып ойноп жүрүп күлгө уктап, шайтандар менен оиноп жатканда барып ойготкон экенсиңер. Ошондон жин ооруга чалдыгыптыр. Бул эми эч кимге зыяны жок ушундай жарым-эс бойдон калат.
Айыктырат элем, ал жердеги шайтандар журт которуп башка жерге көчүп кетиптир. Эми аларды "таба албай калдык" деп айткан экен. Мына ошондон кийин жаш бала жарым-эс болуп чоңойгон экен. Мына, чындыгында эле ата-бабабыздын айткан сөздөрү, алардын жасаган ырым-жырымдары турмушта болгон ушундай окуялардын негизинде келип чыккандыгына күбө.
Булак: ШАМБАЛА