www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Бишкек ШИИББдин КМКнын ыкчам коштоосу аркылуу Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте  өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана ири суммада салыкты төлөөдөн качуу үчүн издөөдө жүргөн  жарандын кайда экендиги такталды.

Москва шаарынын аймагында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн тергөө органдарынан (Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан жана ЭККМК) качып,  8 жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Талас облусунун тургуну, 1979-жылы туулган М.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн  Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

2011-жылы жогоруда көрсөтүлгөн жаран ЖЧКнын биринин башкы директору кезинде 7-апрель окуясында жабыр тарткандардын бири катары ишкерлик менен алектенүү шылтоосу менен 14 млн. сомдук насыя алуу үчүн банкка кайрылган. Тиешелүү документтерди тапшырып жана күрөөгө мүлкүн койгон соң 5 80 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өзүнө каттатып, андан соң күрөөгө коюлган мүлк үчүн калган насыянын суммасын төлөбөй, өзүнө 2 188 000 сомду ээлеп алып изин жашырып кеткен.

Андан сырткары, М.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 213-беренесинин 2-бөлүмүндө (Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү, өзгөчө ири өлчөмдө жасоо) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн   издөөдө жүргөн.

2012-жылы жогорудагы жаран ЖЧКнын директору кезинде мыйзамсыз баюу жана өзүнө мүлктү ыйгарып алуу максатында бир нече ай күйүүчү май менен цементти өзгөчө ири  өлчөмдө иштетип жүргөн. Ал өзүнүн иш-аракетинин мыйзамсыз экендигин билип туруп, салык органдарынан каржы отчетун жашырып, салыкты төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 1 766 000 суммасындагы чыгаша келтирген.

Издөөгө алган тарапка маалымдалып,  азыркы учурда М.М. аттууну кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү маселелери чечилүүдө, деп билдирди ИИМдин  Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости