www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жаңы жетекчиси соода согуштары глобалдык экономикага залака тийгизип жатышканын эскертти. Болгариялык экономист Кристалина Георгиева шейшемби күнү бул финансылык институттун башчысы катары алгачкы сөзүндө быйыл дүйнө өлкөлөрүнүн дээрлик 90 пайызында экономикалык өсүш төмөндөйт деп күтүлгөнүн билдирди. Георгиева мындай терс көрүнүшкө соода тирештери алып келип жатканын белгиледи.

Андай талаштар эмки жылдын аягына чейин 700 миллиард доллар чыгаша алып келиши ыктымал. Бул дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 0,8 пайызын түзөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп соода маселелеринде катуу позицияда болуп, Вашингтон бир нече өлкө менен бажы салыктарынын айынан тартышып келатат. Эң маанилүүсү - Бээжин менен Вашингтондун «соода согушу».

15-октябрда дүйнөлүк экономиканын абалы боюнча ири баяндама жарыяланмакчы.

Последние новости