www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болот Сүйүмбаев качып кетсе эле кылмыш иштеринен кутулабы?

Алтын контрабандасына айыпталган УКМКнын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев кызмат абалын кыянат пайдаланып, былыгы ачыкка чыгып, кьшмыш иштери козголгон. «Уурунун көчүгү кууш» дегендей, ал из суутуп таптырбай кетти. Кайда экени белгисиз. Күч органдары деле качып кеткенине кайыл болуштубу? Сыягы, издөөгө алышканы менен эч кандай тыянакка келишкен жок. Же бир маалымат чыкпайт... «Жашоо бумеранг» дегендей, убагында Атамбаевдин арты менен УКМКнын төрага орун басарлыгына чейин көтөрүлүп (диплому жасалма болсо да), Кудайды тааныбай көөп, саясий куугунтуктарды жүргүзүүгө кошул-ташыл аралашып калган.

Мыдырсыз Сүйүмбаев тез эле кымбат баалуу жолтандабас минип, элиталык квартираларды, хансарайларды алганы, көмүскө бизнес кылганы тар чөйрөдө катуу талкууларды жаратчу. Бул эргулдун мыйзамсыз байыганы боюнча да текшерүү кылса, жөн эле кайырмакка илинери ажеп эмес. Ток этери, мамлекеттин укуругу узун эмеспи, Сүйүмбаевдин кайсы жерде баш калкалап жатканын анализдеп, таап келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Же орган жетекчилери кызыкдар эмеспи?.. Бул тууралуу Азия Ньюс гезити жазды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын март айынан баштап, КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, айрым жеткирип берүүчүлөр тарабынан зер буюмдардын өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик жол менен ташылып кетишине байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эске салсак, Сүйүмбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык кызматтан алынган.

Ал эми 2000-жылдардын башынан тартып экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Атамбаев ага президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости