www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бомбалоодон улам Газа тилкесин боз чаң каптады

 Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуудан кийин жанданган согуш аракеттери уланды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, ХАМАС радикал тобу көзөмөл кылган Газадагы Саламаттык сактоо министрлиги  аткылоодон 200гө чамалуу киши өлгөнүн маалымдады.
Макулдашуунун алкагында ХАМАС радикал уюму 80 израилдик аялды жана балдарды, андан тышкары 20 чет элдикти барымтадан бошотту. Чет элдиктердин көбү Израилге убактылуу акча табууга келген таиланддыктар. Аларды барымтадан чыгаруу өз алдынча макулдашуунун алкагында ишке ашты. Израил түрмөлөрүнөн 200дөн көп палестин аялдарды жана өспүрүмдөрдү бошотту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости