www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайындагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды.
Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 17-январь күнү улана турчу издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.
Мындан сырткары, куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден-соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты.
"Кечээ караңгы киргенине байланыштуу издөө иши убактылуу токтоду. Куткаруучулар жеринде түнөккө калып, эртең таң эрте издөө иши уланат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 14-январда Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө бүгүн ӨКМдин 64 куткаруучусу, кинолог, техникалар жана 5 дрон менен тартылган.
Булак: NazarNews.kg