www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектеги селдин жүрүшүнө байланыштуу милиция унаа ээлерин жакынкы сааттарда Боом капчыгайы аркылуу өтпөй турууну суранат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136-чакырымында жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Айдоочулардын убактылуу сапарга чыкпай туруусун суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бул акыркы жети күн ичинде капчыгайга түшкөн үчүнчү сел. Боом капчыгайын 30-июлдан бери сел каптап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости