www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстан
Президенттер деле эс алышат, иштешет. Борбор Азия лидерлеринин Каспий деңизин бойлой жүрүп түшкөн сүрөттөрү жер жайнап кетти. Биздин президент да Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышканы Түркмөнбашы шаарына барды. Карап көрсөк, Түркмөнстандан башка Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш болгондуктан алар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн пайдасы оң тарапка чечилмекчи.
Тажикстан
Кыргызстан менен Тажикстан талаш участоктор боюнча келишпестикте эки башка картаны далил катары алдыга тартып келишкен. Тажикстан 1924–1939-жылдардагы чийилген картага таянып Ворух – бул эч кандай анклав эмес, чуштуюп Кыргызстандын территориясына кирип кеткен биздин өлкөнүн бир бөлүгү, ошондой эле Тажикстандын калган бөлүгү менен байланыштырып турган жол дагы бизге таандык деп келишкен болчу. Ал эми Кыргызстан болсо 1958–1959-жылдардагы картага таянышып картада айтылып тургандай Ворух – кыргыздардын территориясы менен курчалып турган кадимки анклавдын бири, ал айылда кыргыздар менен тажиктер шахмат түрүндө аралаш жашашат деген жүйөөнү алдыга тартышкан. Мындай маселе кошуна жашап чек арасын такташкан ар бир мамлекетте бар. Тажикстанда чек араны тактоо маселелерине алардын оюу ачыктан-ачык эле көрүнүп калды. Алардын тынчтык жолу менен маселе чечүү ойлору жок. Эртең дагы провокация кылып, чатак башташы деле мүмкүн.
Эгер Тажикстан таңуулаган 1924–1939-жылдардагы картаны ошону менен бирге ошо кездеги материал жана документтер боюнча сүйлөшүүлөргө барсак мурдагыдай Ворух анклав болуудан калат. Мындайча айтканда анклав деген аталуудан кутулат. Ворух уркуйуп Кыргызстандын территориясына кирип турган Тажикстандын бир бөлүгү болуп саналып кетет.
Тажикстан басмырлап басып келип Ворух аркалуу караөзгөйлүк менен оркоюп биздин территорияга кирип кете албайт, анткени кыргыз калкынын намыстуу экенин сезип калды.
Анклавдарга коридор берсек кыргыз айылдары бөлүнүп калышы мүмкүн. Тарыхий процесстерден улам Кыргызстанда анклавдар пайда болсо, Кыргызстандын да кошуна мамлекеттерде анклавы бар. Советтик мамлекет 1917-жылдан кийин чек ара маселелерин чечкенде кайсы улуттун эли көп болсо ошол жерди ошол улутка бөлгөндүктөн анклавдар пайда болгон. Бул көйгөй СССРдин доорунда эле жаралган. Кыргызстан 1936-жылдан баштап союздук республикалардын катарына кирген. Биздин республика ага чейин автономдуу облус катары Орусиянын курамында болгон. СССР түптөлгөндө ар бир республиканын территориялык чектери өздөрүнө бекитилип берилген.
Тажикстанга караштуу Ворух айылы Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан. Бул аймакта 40 миңге жакын адам жашайт. Ворухта төмөнкү махаллялар жайгашкан: Сари-Дашт, Тидон, Кучаи-Боло, Сари-Курум, Гузар, Навобод, Кишлок, Майдон, Сари-Канда, Таги-Махалла, Калъача, Точикон Санг-туда. Махаллялар кичинекей бөлүккө бөлүнүшкөн: Тидон — Кучаи-Кози, Кучаи-Шикори, Мугокига; Гузар — Гузар, Кучаи-Кози, Заровон, Кодонго жана башкалар бар. Буга чейин дал ушул анклав чектеш аймакта бир нече жолу чек ара чатагы орун алган.
Эгер Ворухка коридор ачылса, Кыргызстан үчүн жаңы эксклавдын ачылышын шартташы мүмкүн. Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып келет. Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар.
Казакстан
2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кара-Буура районунун Көк-Сай аймагы, Маймак карьерасы, Токмоктун чеке белиндеги Бишкек-Торугарт трассасындагы Ысык-Ата районунун 12 гектарлуу Дружба аймагы, Каркыра жайлоосунун 500 гектар жайытын казакка берүү жөнүндө сөз болгон. Балким бул ошол кезде Нурсултан Назарбаевдин кызын уулуна алып берген Акаевдин калыңы чыгар. Мындай жерди беришке калк нааразы болуп чыккан. Бирок, 2008-жылдын апрелинде ратификацияланып Кара-Бууранын Маймагы менен Көк-Сайын. Каркырада 500 гектар жер, Токмокто 12 гектар жер Казакстанга берилип, Казакстан менен чек ара маселеси чечилген.
Өзбекстан
Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилгени айтылып жатат. Бул маселелерди чечүүдө өтө оор маселелер каралды. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Бул суу сактагычтагы суунун 95% өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыр күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү. Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык.
Кемпирабад суу сактагычы 5735 гектар. Эми ошодон 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Өзбек тарап бизге буга чейин 1973-жылы 4100 гектар жерди компенсация катары берген. Демек, 300 гектар жер дагы компенсация катары бериши керек эле. Бирок 300 гектар жердин ордуна компенсация катары биз миң гектар жерди алдык, булар Өзгөн, Сузак районунун жерлери. Эгерде мурда суу сактагыч толуп, жээктеги үйлөргө суулар тээп, маселе жаралып жаткан болсо азыр андай болбойт. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат. Алар өз тарабынан мурдагыдай тосуп, кайтарбайт.
Сохто эч кандай коридор жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен тарта Сох анлавында Кайтпаc, Риштан, Өтүкчү посттору ачылды. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил автоунаалар өтө алат.
Кыргызстан үчүн ушунча эмгек кылган жаңы бимйликке өзбек эли суктанып жатышат. Эки күн талаш-тартыштан кийин 8 миң гектар жер кыргыз тарапка жазылды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы баш болгон бир нече сууларды эки өлкө биргеликте иштетишет. Өзбек ССРинин пахта эгилген көп аянттуу талааларын суу менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз ССРи Ош облусунан 1000 гектар жерди суу сактагыч курууга бөлүп берген. Анын ордуна өзбек тарап башка чектеш аймактан 1000 гектар жер бериши керек эле. 50 жыл өткөндөн кийин ал келишим ишке ашып отурат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg